Ибраим Нуракун уулу: Мыйзам долбоорлору бирде өтөт, бирде өтпөйт. Ал үчүн бири-бирибизди кемсинтпейли

24 октябрь 2019 17:16 3271 1 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кенештин Басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу социалдык тармактан "кой, эчки, чочко " деп кемсинтпегенге чакырды.

"Аркар-кулжага аңчылыкка мараторий киргизүү боюнча мыйзам долбоору өтпөй калды. 

Бирок, демилгечи депутат Экмат Байбакбаевдин маанайы ушуну менен эле түшүп, кол куушуруп олтуруп калган жок. Жайпайы жан-жаныбалдарды коргоонун башка дагы мыйзамдык жолдорун издеп, жакынкы айларда коомчулуктун талкуусуна алып чыгууга даярданып жатыптыр. "Жеңилүүнү кандай кабыл алдыңыз?" - деп сурасам - "Күтүлгөн эле иш болду. Бизде план Б деле бар" - деп жооп берди.

Бул демилгеге каршы чыккан депутаттардын пикиринде, аңчылык чарбалар  аңчылыкты уюштуруу менен эле алектенебестен, жапайы жаныбарларды башаламан атып өлтүрүүдөн коргоо милдетин дагы аткарышат. Калың кар же жут маалында тоолорго жем-чөп чачып кетишет. Муну менен алар өзүнүн бизнесин дагы коргойт, жаныбарларды дагы сактайт. Эгер тыюу салынса, анда аңчылык чарбалар жоюлуп кетип, мамлекеттен айлык алган егерлерди көйбөйтүүгө туура келет. Анда 1990-жылдардагыдай ошол егерлер өздөрү баш болуп, жергиликтүүлөр, сырттан келгендер, көпөс-байлар, ар түрдүү чиновниктер каалагандай, каалаган санда жан-жаныбарларды кыра баштамак, - деп эсептешет.  

Албетте, депутат Байбакпаев үчүн мындай аргументтер суу кечпейт. Анын пикиринде, экологияны чарбага же экономикага же аңчылык туризмине байланыштырбаш керек. "Жаратылышты коргоо бул кыргыздын байыртадан келаткан жашоо философиясы эмеспи. Анда "Кожожаш" дастанын эмнеге чыгардык?" - дейт ал.

Жогорку Кеңеште ушул сыяктуу талаш-талкуулар ар дайым болуп турат. Мыйзам долбоорлору бирде өтөт, бирде өтпөйт. Ал үчүн бири-бирибизди "кой, эчки, чочко ж.б." деп кемсинтпей эле талкууну уланта берүү мүмкүнчүлүктөрү бар", - деп жазды Ибраим Нуракун уулу.

 

Ссылка: https://barometr.kg/zharatylyshty-korgoo-bul-kyrgyzdyn-bajyrtadan-kelatkan-zhashoo-filosofiyasy



Добавить комментарий

  • Айтмырза 5 лет назад
    Кой деп дагы курсун которуп ийиптирбиз,койдон дагы томон,так что кожоюндарынды коргобой эле кой