Пневмониянын белгилери байкалган жарандар ооруканага жаткырылат

29 июня 2020 13:18 2302 Barometr
Поделиться в:
ok

Пневмониянын белгилери байкалган жарандар анализдин жыйынтыгын күтпөй эле атайын даярдалган ооруканага кабыл алынат. Бул тууралуу брифинг учурунда Саламаттык сактоо министринин орун басарынын маалыматына таянып «Барометр» билдирет.

Бүгүнкү күндө, Саламаттык сактоо министрлигинин айрым алгоритмдери өзгөрдү. Ага ылайык, эгерде жарандын дене табы 38 градустан ашса, пневмониянын белгилери болсо, ал ПЧР-тесттин жыйынтыгын күтпөй, атайын даярдалган ооруканага кабыл алынат.

«Бир катар медициналык мекемелерде кырдаалга байланыштуу коронавирус менен ооруган бейтаптарга кошумча орундар ачылды”, - деп билдирди Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаев.

Ссылка: https://barometr.kg/zharandardyn-dene-taby-ktrls-testtin-zhyjyntygyn-ktpstn-atajyn-dayardalgan-oorukanaga-kabyl-alynat



Добавить комментарий