"Жанын сууруп алам". Ташиев ишкерлерге үстөмдүк кылгандарга катуу чара көрүлөрүн айтты

15 марта 2021 15:22 2387 Barometr
Поделиться в:
ok

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусунун Самаркандек айылына барып, эл менен жолугушуу өткөрүп жатат.

Жолугушуу учурунда, Ташиев контрабанда менен шектелип кармалган балдардын УКМКнын кызматкерлерине кол салышы тууралуу суроолорго жооп берди.

“Жаштар мыйзамсыз иштерди жасап жүргөн балдарды кумир тутпашы керек. Майда бандиттер жок болушу керек. Айлыңарда бизнеске, жай тургундарга үстөмдүк кылып жүргөн топ болсо мага айткыла. Мен алардын жанын сууруп алам. Ал эми,  Ак-Сай айлынан контрабандага шектелип кармалып, УКМКнын кызматкерлерине кол көтөргөн балдардын жазасын жеңилдетүүнү карап чыгабыз. Бул жерде ак сакал аталардын суранычы боюнча ”, - деди Ташиев.

Ошону менен катары эле, Ташиев чек ара маселесинде талаш-тартыш жараткан жерлер тууралуу жооп берди.

“Буюрса, карта менен карап, коңшу өлкө биз тарапка өтүп кеткен болсо кайтарып алабыз. Ал эми, биз алардын чек арасына өтүп кетсек биз дагы өткөрүп беришибиз керек” , - деди Ташиев.  

Ак-Сай айылынын тургуну, УКМКнын балдары элди ачык эле коркутуп жатканын айтып, чара көрүп берүүнү өтүндү.

“Бизге сиздин балдарыңыз келип, чек ара боюнча чырдап чыксаңар, камаласыңар деп коркутуп жатат. Сизден суранарыбыз ушул маселени да чечип бериңиз”, - деди айыл тургуну.

“Ак-Сай айылына кайрылып, 30 жылда чечилбей келген чек ара маселеси бир айда бүтпөйт. Провакацияга алдырбай, бир метр да артка жылбай сабыр кылып, күтө туруңуздар. Ал эми, УКМКнын балдары боюнча тактайбыз”, - деди Ташиев.

Эске сала кетсек, Тажикстандын Кожент шаарында 15-18-мартта кыргыз-тажик өкмөт аралык комиссиясы эки мамлекеттин ортосундагы чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча кезектеги жыйынга чогулары кабарланган. Кыргызстандын делегациясын УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев жетектеп барары белгилүү болгон.



Ссылка: https://barometr.kg/zhanyn-suurup-alam-tashiev-batkende-el-zholugushuu-uchurunda-ishkerlerge-stmdk-kylgandarga-katuu-chara-krlrn-ajtty



Добавить комментарий