Жанат Бейшенов транспорт жана жолдор министри болуп дайындалды

25 января 2019 10:52 1267 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 25-январда президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Жанат Бейшенов транспорт жана жолдор министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди. 

Кечээ, 24-январда Жогорку Кеңеш транспорт жана жолдор министри кызматына Бейшеновдун талапкерлигин колдошкон. Жалпы 94 депутат катталып, баары "макул" деп добуш беришкен.

Анын талапкерлиги өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев тарабынан сунушталган.

Жанат Бейшенов 1970-жылы туулган.

1993-1996-жылдары "Альтаир" соода-сатык компаниясында иштеген.

1996-1997-жылдары "Эржан" Кыргыз-Орусия биргелешкен ишканасынын директору болгон.

1998-2000-жылдары өкмөт аппаратында иштейт, 2005-жылга чейин Чехиядагы соода-сатык боюнча өкүл болгон.

2005-жылдын октябрь айында транспорт министринин орун басары кызматына келген.

2017-жылы Евразия экономикалык комиссиясында темир жол транспорту бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

2014-2015-жылдары премьер-министрдин кеңешчиси болгон.

Ссылка: https://barometr.kg/zhanat-bejshenov-transport-zhana-zholdor-ministri-bolup-dajyndaldy



Добавить комментарий