Жанар Акаев: Саймаити аркылуу Кыргызстандан Сирияга акча которулуп турган

22 ноября 2019 15:34 4617 Barometr
Поделиться в:
ok

Сайматинин өлүмү тууралуу журналисттик иликтөө, депутаттык комиссиянын түзүлүшү тууралуу депутат Жанар Акаев пикир бөлүштү. Бул тууралуу ал өзүнүн facebook баракчасына жазды.

Жанар Акаев Кыргызстандан чыккан акчалар Саймати аркылуу Сирияга чейин жетип турган деген маалыматтар бар экенин, Стамбулдагы башкы консул Сопоков Кыргызстанда бир нече ирет түрмөгө отуруп чыккан атактуу криминалдык төбөлдөрдүн биринин жакын досу экенин, чет элдик ишкерлер Кыргызстанды башкарган кишилердин атынан чоң мечиттин курулушун каржылап, жеке учагы менен учуруп, керек болсо резиденциянын ичине кошумча резиденция куруп бергени тууралуу маалыматтарды да иликтөө ачыкташы зарылдыгын кыйытты.

Депутат билдирүүсүн “Кыргызстандан чыгарылган акчалар, Сайматинин өлүмү тууралуу журналисттик иликтөөдөн унчукпай кутулуу мүмкүн эмес!”, - деген тема менен чыгарды.

“Жогорку Кеңеш түзгөн депутаттык комиссия “миллиарддык схеманынын” бетин ачууга коомчулукта таптакыр ишеним жок, ал жерде кызыкчылыктар кагылышы болоору турган иш. Менин сунушум түзүлгөн комиссия “көз карандысыз” комиссия деп макамын өзгөртүп, анын курамына жарандык коом, оппозиция, эл ишенген калыс инсандар кошулуп, бажыга, акча ташууга тиешеси бар делген бардык жетекчилер, депутат, саясатчылар курамынан чыгарылсын! Мурда кийин бажыга, акча ташууга таптакыр тиешеси жок адамдар гана мүчө болсун! Ошондо гана бул окуяга акыйкат баа берилип, мындан аркы кара схема кан буугандай токтойт!

Окуя биз ойлогондон да терең. Биздин угушубузча Саймати менен бир топ саясатчылар жакындан кызматташып келген, Кыргызстандан чыккан акчалар Саймати аркылуу Сирияга чейин жетип турган деген маалыматтар бар. Стамбулдагы башкы консул Сопоков Кыргызстанда бир нече ирет түрмөгө отуруп чыккан атактуу криминалдык төбөлдөрдүн биринин жакын досу! Иликтөөдө аты аталган чет элдик ишкерлер буга чейин Кыргызстанды башкарган кишилердин атынан чоң мечиттин курулушун каржылап, жеке учагы менен учуруп, керек болсо резиденциянын ичине кошумча резиденция куруп бергени тууралуу маалыматтарды да иликтөө ачыкташы зарыл!

Бул иликтөө өз ара тирешкен саясий топтордун чырагына май тамызышы мүмкүн, бирок баарыбызда бир гана кызыкчылык болушу шарт-ким экендигине карабай коррупциялык схема түзгөн уурулар жазага тартылышы керек!

Жарандык коомдун катышуусунда гана калыс чечим чыгып, мындан да терең схемалар ачылат деп ойлойм. А өкмөттө кетиргенден эмне пайда? Аларды күч блогу менен кошо чакыралы, баарына жооп берсин!”, - деп айтылат билдирүүдө.

Эске сала кетсек, Түркияда өлтүрүлгөн Айэркен Саймаитинин Кыргызстандагы көптөгөн саясатчылар, ишкерлер менен байланыш болгону тууралуу ар кандай сөздөр айтылган. Мындан улам Парламент депутаты Алтынбек Сулайманов бул ишти тыкыр иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүүнү сунуштап, кечээ убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн.

Ссылка: https://barometr.kg/zhanar-akaev-sajmaiti-arkyluu-kyrgyzstandan-siriyaga-akcha-kotorulup-turgan



Добавить комментарий