Кытай жараны Айеркен Саймаитинин өлүмүн иликтеген депутатык комиссия түзүлөт

21 ноября 2019 10:10 2040 1 Barometr
Поделиться в:
ok

Депутат Алтынбек Сулайманов Түркияда кытай жараны Айеркен Саймаитинин өлтүрүлүшү боюнча депутаттык комиссия түзүү боюнча сунуш киргизди. Бул тууралуу ал Парламенттин бүгүнкү отурумунда айтты.

Кытай жараны Саймаитинин өлүмү көп сырдуу нерселерди ачып жатат. Мындан улам, бир катар депутаттарды, мени каралаган күчтөр көбөйдү. Муну жасаган күчтөр көңүлдү башка жакка бурууга аракет көрүп жатышат.

Сайсаити Кыргызстанга качан келген, кыргыз паспортун качан алган, Дипломатиялык машинаны кантип айдап жүргөн, Саймаити өзү ким Кыргызстандан ким менен жакын мамиледе болгон жана ким менен душман болгон. Депутаттык комиссия түзүлүп, тыкыр иликтеп, чындыкты ачыкка чыгаруу керек”, - деди депутат.

Сулайманов ошондой эле, Кыргызстандын күч түзүмдөрү Түркиянын тиешелүү күч органдары менен иштешип жатканын белгилеп, буга ишеним төмөн экенин айтты.

Биздин күч органдары Түркиянын тийиштүү органдары менен иштешип жатат. Алардын чыгарган тыянагына эл ишенбейт. Азыр Кыргызстандын күч органдарынын деңгээли кандай экенин коомчулук жакшы билип калды. Биз депутаттык комиссия түзүп, ал комиссия Түркиянын Парламенти, Түркиянын тергөө органдары менен түздөн-түз байланышып иштешүү керек. Бул иште ким айыптуу экенин ачыкка чыгаруу зарыл”, - деди депутат.

Ссылка: https://barometr.kg/kytaj-zharany-ajerken-sajmaitinin-lmn-iliktegen-deputatyk-komissiya-tzlt



Добавить комментарий

  • Депутаттык комиссия түзүп ачык айкын текшеребиз деп,канча комиисия түзүштү. Ошонусунан бир жыйынтык чыкканын ким билет. Жөн эле куу сүрөөн. Ошол депутаттык комиссия кандай учурда түзүлөт. Компетенциясы кандай. Чечими жэ корутундусу аткарылууга милдеттүүлүгү ж/ө мыйзамдашкан жобосу барбы. Эгер андай болбосо комиссиянын корутундусунун эмне кереги бар. Кызыгып көрөлү деген эле оюнга окшошда.