Жанар Акаев: "Кошуна өлкөдөн бизге келген мигранттар милициянын капчыгып кампайтып жатат"

13 февраля 2019 13:42 1368 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстанга кошуна өлкөлөрдөн келип курулуш, тигүү тармактарында иштегендер милициянын капчыгын кампайтып жатат. Мындай пикирди депутат Жанар Акаев Жогорку Кеңештин бүгүнкү 12-февралдагы жалпы жыйынында бир катар улуттук мыйзамдарды өз ара шайкеш келтирүүгө багытталган “Тышкы миграция жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып жатканда билдирди.

Депутат кошуна мамлекеттерден келген мигранттар курулуш, тигүү жана башка тармактарда адаттагыдан эки эсеге арзан иштегендиктен, өзүбүздүн жарандар жумушсуз калып, чет жактарга чыгып кетип жаткан көйгөй жаралганын айтты.  

«Мурда кошуна өлкөнүн мигранттары Ош, Жалал-Абадды арзан күч катары каптаса, азыр алар Нарын, Талас, Чүйдү каптоодо. Маселен айына 15 мин сомдук жумушту алар, эле 6 миң сомго иштеп жатат. Ошондуктан иш берүүчүлөр өзүбүздүн жарандарды бошотуп, аларды арзан күч катары алып жатат. Өкмөт кошуна өлкөнүн жарандарын патент менен иштей турган система түзүшү керек. Азыр чет элдик мигранттар бюджетке эч кандай салым кошпойт. Алар милициянын 9-бөлүмүн байытып жатат» деди Жанар Акаев.

Өз кезегинде ИИМ министрдин орун басары Курсан Асанов депутаттаын пикирине кошулаарын, бирок мыйзам кабыл алынып күчүнө кире электигине байланыштуу 9-Башкармалык эч кандай иш кыла электигин айтты.

Мыйзам долбоорун кабыл алуу менен, мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүүнүн натыйжалуулугун да жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзүлмөкчү. Сунуш кылынып жаткан мыйзам ишке кирсе, мамлекеттик бюджеттен кошумча 400 миӊ сом талап кылына турганы, азыркы учурда Кыргызстандын жазык-аткаруу жайларында 360 чет өлкөлүк жаран жаза мөөнөтүн өтөп жатканы белгилүү болду. 2018-жылы өлкө чегинен мыйзам талаптарын бузган 368 чет өлкөлүк жаран чыгарылган.

Талкуу жүрүшүндө депутаттар оор кылмыш эмес, жеӊил-желпи эле жосун жасаган чет өлкөлүк жарандардын өлкө аймагына кирүүсүнө тыюу салуу мөөнөтүн азайтуу, чет өлкөлүк эмгек мигранттарына салынган төлөмдү көтөрүү, жаза-аткаруу мекемелеринде жаткан чет өлкөлүк жарандарды бекер багып отурбай, алардан тезинен кутулуунун кандайдыр бир жолун табуу зарылдыгын белгилешти.

Ссылка: https://barometr.kg/zhanar-akaev-koshuna-lkdn-bizge-kelgen-migranttar-miliciyanyn-kapchygyp-kampajtyp-zhatat



Добавить комментарий