Бишкекте сот отурумдар онлайн режимде өтө баштады

8 июля 2020 17:56 716 Barometr
Поделиться в:
ok

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемелеринде сот отурумдары онлайн режиминде өттү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Бүгүн  видеоконференция түрүндө онлайн сот отуруму болуп өттү.

Сот отуруму Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту менен Бишкек шаарынын №1- тергөө изоляторунун ортосунда саат 10:00 жана 14:00 өттү.

“СИЗО-1де онлайн соттук отурумдарды өткөрүү үчүн, толугу менен жабдылган жана бардык талаптарга жооп берген атайын 4 бөлмө даярдалган», - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда “2020-жыл- Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы” деп жарыяланган.

Анын негизинде бүгүнкү күндө ЖАМК санариптештирүүгө толук даяр жана бардык ЖАМКнын мекемелеринде онлайн сот отурумдарын өткөрүүгө даяр.

Мындан тышкары, 2019-жылдын август айында Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын борбордук аппараттында  Талдоо жана мониторинг борборунун салтанаттуу ачылышы болуп өткөн. Бүгүнкү күндө бул борбордун жардамы менен, бардык ЖАМКнын бардык мекемелери күнү-түнү онлайн режиминде көзөмөлдө турат.

Ошондой эле, борбордун жардамы менен семинарлар, атайын комиссиянын отурумдары, кызматкерлер үчүн окуулар жана тренингдер, соттук отурумдар видеоконференция түрүндө өткөрүлүп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/zhamknyn-mekemelerinde-sot-oturumdary-onlajn-rezhiminde-tkrld



Добавить комментарий