Жамбыл областындагы жарылуудан каза тапкандардын саны 12ге жетти
Поделиться в:
Казакстандын Жамбыл областында болгон жарылуудан каза тапкандардын саны 12 адамга жетти. Бул тууралуу Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматка шилтеме берүү менен “Барометр” маалымдайт.
Жарылуу болгон жерде анын кесепеттерин жоюуда каза тапкан үч кызматкердин сөөгү табылды. Алардын өздүгү такталууда. ӨКМнын 50дөй кызматкери ар кандай жаракаттарды алышкан.
Эскерте кетсек, 26-августта Жамбыл областындагы аскер бөлүгүндөгү кампалардын биринде жарылуу болгон. 12 адам каза таап, 98 киши жаракат алды. Жоголгондорду издөө уланууда.
Ссылка: https://barometr.kg/zhambyl-oblastyndagy-zharyluudan-kaza-tapkandardyn-sany-12ge-zhetti
Добавить комментарий ×