Коменданттык саат режими Бишкекте көп бузулду, Ноокат менен Сузакта катталган эмес
ИИМ коменданттык саат киргизилгенде бузулган тартип бузуулар боюнча маалымат берди. Ага ылайык, 31-мартка карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы өзгөчө абал киргизилген Бишкек шаары, Ош областынын Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Ош шаарынын, Жалал-Абад областынын Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын аймактарында коменданттык саат киргизилген убакыттын ичинде тактап айтканда кечки саат 20.00 эртең мененки 07.00 убакыттын ичинде жалпы республика боюнча коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай бузгандыктары үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 155 жаран жеткирилди, 9 автоунаа токтотулду.
Алардын ичинен:
•Ош шаары боюнча - 5,
•Жалал-Абад шаары- 9,
•Кара-Суу районунда- 4 жаран райондук бөлүмдөргө жеткирилди. Ал эми Ноокат жана Сузак райондорунда коменданттык сааттын талаптарын бузгандар катталган жок.
Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен койо берилди.
Жалпысынан алганда алты күндүн ичинде өлкө аймагында 1242 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын патруль тобу менен кармалды.
“Өзгөчө абал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 28-беренесине ылайык, Ушул Мыйзамдын 26-беренесинде каралган тартипти бузууга жол берген адамдар милиция же аскердик патрулдар тарабынан коменданттык саат аяктаганча кармалат, ал эми жанында документтери жоктор ким экени аныкталганча, бирок үч суткадан ашпаган мөөнөткө кармалат.
Ссылка: https://barometr.kg/zhalpy-respublika-boyuncha-155-zharan-zhetkirildi-9-avtounaa-toktotuldu
Добавить комментарий ×