Жалал-Абаддан 200 бала "Алтын Балалык” ден соолукту чыңдоо борборуна эс алууга жөнөп кетти
Жалал-Абаддан эки жүз бала Ысык-Көлгө "Алтын Балалык” ден соолукту чыңдоо жана реабилитациялык борборуна эс алууга жөнөп кетти. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Маалым болгондой, бүгүн, 2022-жылдын 14-июлунда Жалал-Абад облусунан келген эки жүз бала Чолпон-Ата шаарындагы “Алтын Балалык” ден соолукту чыңдоо жана реабилитациялык борборуна эс алууга жөнөтүлдү.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Улан Садыков эс алууга жөнөп жаткан балдарды узаты жатып, көңүлдүү эс алуу жана ак жол каалап, ошону менен биргеликте коопсуздук эрежелерин так сакташ керектигин эскертти.
Эске салсак, "Алтын балалык" ден соолукту чыңдоо жана калыбына келтирүү борборуна ден соолугунда көйгөйү бар балдар дарыгердин жолдомосу аркылуу, ал эми ден соолукту чыңдоо лагерине калктын аялуу катмарына кирген үй-бүлөлөрдүн балдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аркылуу тизмеге киргизилет
Добавить комментарий ×