Жалал-Абадда жер титирөө катталды
Поделиться в:
Жалал-Абад облусунда 2-август күнү саат 15:14тө күчү 3 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул туурасында ӨКМ билдирди. Кыргыз Республикасынын сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө Кара-Көл шаарында, Токтогул районунун Көк-Бел айылында 3 баллга, Базар-Коргон районунун Арстанбап жана Косо-Терек айылдарында 2,5 баллга сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Ссылка: https://barometr.kg/zhalal-abadda-zher-titir-kattaldy
Добавить комментарий ×