Жалал-Абадда USAIDдин жардамы менен 30 жумуш орундуу, жаңы тигүүчү цех ачылды

30 марта 2021 09:35 893 Barometr
Поделиться в:
ok

Жалал-Абадда USAIDдин жардамы менен жаңы тигүүчү цех ачылып, аялдарга жумуш орундары түзүлдү. Бул тууралуу АКШ элчилигинин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Жалал-Абад облусунун Тенги айылында “Седеп” тигүү цехинин ачылуу аземи болуп өттү. Жаңы цехти жергиликтүү ишкер-айым Пардакан Томуева АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) менен өнөктөштүктө ачты.

USAIDдин «Конкуренттүү ишкана» долбоорунун колдоосу менен Пардакан Томуева жергиликтүү аялдар үчүн жумуш орундарын түзө алды. USAID жаңы тигүүчү машиналары жана атайын буу иштеп чыгаргыч үтүгү менен камсыздап, “Седепке” өндүрүшүн эки эсе көбөйтүүгө жана жаңы рынокторго кирүүгө жардам берди. Пардакан Томуева жаңы жабдууларды жайгаштыруу жана кызматкерлери үчүн ыңгайлуу иш шарттарын түзүү үчүн жаңы имаратты курууга инвестиция жасады.

"Менин коңшуларымдын арасында муктаж адамдар көп болгонун билдим. Ошондуктан мен өзүм үчүн иштөөнү гана эмес, аларга жумуш орундарын түзүүнү да чечтим. Менин жашоодогу негизги максатым – Кыргызстандагы айылдык аялдарды колдоо", - деди Пардакан Томуева, "Седеп" тигүү цехинин ээси. "Седеп" - Жалал-Абад шаарынан болжол менен алты сааттык жолдо жайгашкан алыскы Тенги айылындагы жумуш менен камсыз кылуучу эң ири ишкалардын бири. Ишкананын 30 кызматкери, көпчүлүгү аялдар, чапан, курак, белдемчи жана жууркан-төшөктөрдү кыргыздын салттуу оймо-чиймелери менен жасашат. Өнүмдөр Жалал-Абадда, Ошто жана Бишкекте “Седептин” социалдык

тармактарындагы баракчалары, негизинен Instagram жана Facebook аркылуу сатылат. Келечекте “Седеп” коңшу өлкөлөргө экспорттоону көздөп жатат.

"Биз өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнүн алга сүрөгөн Пардакан Томуева сыяктуу ишкерлер менен кызматташканыбыз менен сыймыктанабыз. Бул долбоордун алкагындагы негизги максатыбыз - 2023-жылга чейин ишканаларды колдоп, 19 миңдей жаңы жумуш орундарын түзүү", - деди Джошуа Темплтон, USAIDдин экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы. "Белгилей кете турган нерсе, колдоосу грант түрүндө берилет. Демек, биздин өнөктөш ишканалар ал каражаты кайтарып берүүгө тийиш эмес."

USAIDдин «Конкуренттүү ишкана» долбоору – бул бюджети 23 миллион АКШ долларын түзгөн беш жылдык демилге. Долбоор Кыргызстанда көбүрөөк жумуш орундарын түзүү максатында чакан жана орто бизнеске өндүрүшүн жана соода көлөмүн кеңейтүүгө жардам берет. 

Ссылка: https://barometr.kg/zhalal-abadda-usaiddin-zhardamy-menen-30-zhumush-orunduu-zhay-tigch-ceh-achyldy



Добавить комментарий