Жалал-Абадда 59 мектепте онлайн окубаган окуучулар аныкталды (Сүрөт)

10 сентября 2020 10:51 646 Barometr
Поделиться в:
ok

Жалал-Абад облусунда “Салам мектеп рейд өттү". Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

7-9-сентябрь күндөрү Жалал-Абад ШИИБи, шаардык билим берүү бөлүмү, үй-бүлөнү жана балдарды коргоо өкүлдөрү тарабынан "Салам мектеп" аталышындагы рейд өткөрүлдү. Рейддин негизги максаты онлайн сабактарга окуучулардын катышуусун көзөмөлгө алуу жана ЖИИнин каттосунда турган өспүрүмдөр менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болуп саналат.

 Мындай рейд Ноокен РИИБи тарабынан да тиешелүү кызматтар менен биргеликте өткөрүлдү. Бул иш-чарага жалпысынан 51 кызматкер катышып, жашы жете электердин болжолдуу чогула турган жерлери текшерилип, 59 мектептерде онлайн окубаган окуучулар аныкталды. Анын ичинен турмуштук оор кырдаалга кабылгандардын саны үчтү түзөт. Рейддин жыйынтыгы боюнча РИИБдин демилгеси менен райондук мамлекеттик администрациясында тегерек стол уюштурулуп, айтылган сын-пикирлердин негизинде иш-мерчем иштелип чыкты.

"Салам мектеп" иш-чарасынын алкагында Базар-Коргон милициясы район аймагында эмгекке тартылган 13 өспүрүмдү аныктап, тиешелүү кызматтарга сунуштарды берди. Рейддин жүрүшүндө дыйканчылык жана азык-түлүк базарлары, ашканалар, унаа оңдоочу жайлар көзөмөлгө алынды.



Ссылка: https://barometr.kg/zhalal-abadda-salam-mektep-rejd-tt-srt



Добавить комментарий