Жалал-Абадда кыздарга жумуш таап берем деп алдап, сойкулукка мажбурлаган киши кармалды
Поделиться в:
Жалал-Абадда кыздарды сойкулукка мажбурлап, кордук көрсөтүп жүргөн адам кармалды. Бул тууралуу облусттук ИИБден кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, криминалдык милиция кызматы Сузак районундагы мыйзамсыз уюштурулган сойкукананы табышкан. Ал жайдын ээси кыздарды мажбурлап, зомбулук көрсөтүп жүргөнү аныкталган. Кыздарга жумуш таап берем деп алдап алып келип, короодон чыгарбай, сойкулукка мажбурлаган деп жазылат маалымтта.
Учурда бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, сурак иштери жүрүүдө. Кыздардын үчөө кишинин үстүнөн арыз жазгандыгы тууралуу айтылды.
Добавить комментарий ×