Жалал-Абадда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө болду
Жалал-Абадда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 15:52де Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.
"Жер титирөө Аксы районунун Тегирмен-Сай, Товар-Сай, Жылгын, Коргон, Авлетим, Мукур, Кызыл-Капчыгай, Кашка-Суу, Аркыт айылдарында 4 балл, Ак-Дөбө, Жаңы-Жол, Кой-Таш, Кара-Жыгач, Чарбак, Жүзүмкан, Кызыл-Көл айылдарында жана Кербен шаарында 3 балл сезилген.
Ал эми Таш-Көмүр шаарында жана Ала-Бука районунун Ала-Бука айылында 2,5 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок", -деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/zhalal-abadda-kch-45-ballga-zhetken-zher-titir-boldu
Добавить комментарий ×