Жалал-Абадда эки ай мурда жоголгон Камиланын сөөгү талаадан табылды
Жалал-Абад областында эки ай мурда жоголгон кыздын сөөгү талаадан табылды. Бул тууралуу аталган областтын ички иштер башкармалыгы жергиликтүү маалымат булактарына маалымдаган.
16 жаштагы Камила Абдубаитова 18-февралда үйүнөн чыгып кетип кайтып келген эмес.
“Кечээ милицияга жоголуп кеткен өспүрүмдүн агасы кайрылган. Ал Музок жергесинде анын жоголуп кеткен карындашынын сөөгү табылганын айткан. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери чирип бара жаткан аялдын сөөгүн табышкан. Кыздын бети менен денесин таанууга мүмкүн эмес болгон. Бирок туугандары сөөк Камилага таандык экенин айтышууда. Алар аны жанынан табылган кийимдерден улам билишкен. Экспертиза дайындалды”,-деп кабарлашты ИИБден.
Ссылка: https://barometr.kg/zhalal-abadda-eki-aj-murda-zhogolgon-kamilanyn-sg-talaadan-tabyldy
Добавить комментарий ×