Жалал-Абадда добуш сатып алуу болуп жатат делген маалымат текшерилди

11 апреля 2021 20:35 1289 Barometr
Поделиться в:
ok

Жалал-Абадда добуш сатып алуу болуп жатат делген маалымат текшерилди. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, 11-апрель күнү Жалал-Абад шаарынын тургуну болжол менен саат 11:30 чамасында бей тааныш аял киши Жалал-Абад шаарынын №14-орто мектепте жайгашкан № 2103 шайлоо участкасынын алдында башка бир бей тааныш кишиге акча берип жаткан видеосу бар, ошол боюнча текшерип, юридикалык баа берип, мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү өтүнүп милицияга кайрылган.

“Аталган факты Жалал-Абад ШИИБдин МЭЖне катталып, документтештирү тобу аркылуу текшерүү иштери жүргүзүлгөн.

Текшерүү учурунда, арыз ээсине бейтааныш жарандан анын уюлдук телефонуна телефонго тартылып алынган видео келгендиги, аталган видеодо бир бей тааныш аял киши, бир кишиге сумкасынан акча алып бергенин, бирок, видеодо ак нерсе көрүнгөндүгүн, акча экендиги даана көрүнбөй жатканын жана бир киши акча санап жатканы көрүнгөндүгүн, аталган адамдар кайсыл партиядан экенин так билбегендиги аныкталган.

Милиция видеотасмада көрүнгөн жарандын өздүгүн тактап (Жалал-Абад шаарынын тургуну, 1958-ж.т. Ж. А.) сурашкан учурда, ал 11-апрель күнү болжол менен саат 09:30 чамасында Жалал-Абад шаарынын № 2103 шайлоо участкасында катталгандыктан, жарандык милдеттин аткаруу максатында, шайлаганы келген. Шайлоого кирип, милдетин аткарып чыгып, сыртта аялын күтүп турганда Базарбай аттуу тааныш кишини көрүп калып, ал менен сүйлөшүп турган. Анан, бир аял киши келип, таанышы Базарбай менен өз ара сүйлөшүп жатышканын, Базарбай аял кишиден маска сурагандан аял киши сумкасынан маска издеп жатканын, ошол убакытта азык-түлүк ала барганы акчам жетет бекен деп өз алдынча эле четке чыгып акчасын санап жатканын, ал жерде аял киши бирөө жарымга эч кандай акча бербегенин, өзү эч кандай партияга чуркабаганын жана эч кандай партиясынын мүчөсү болбогонун билдирген”, - деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/zhalal-abadda-dobush-satyp-aluu-bolup-zhatat-delgen-maalymat-teksherildi



Добавить комментарий