Жалал-Абадда блокпосттордун санын кыскартуу маселеси каралды

28 апреля 2020 17:54 1599 Barometr
Поделиться в:
ok

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин тапшырмасы боюнча Жалал-Абад облусунун ыкчам штабынын жыйынына катышты. Жыйында облустагы эпидемиологиялык кырдаал, санитардык-карантиндик посттордун иши, жазгы талаачылык жумуштардын жүрүшү  талкууланды. Бул тууралуу Өкмөттүн Аппаратынын басма сөз кызматы билдирди. 

«Өнөр жай ишканаларынын мындан аркы иши, чакан жана орто ишкерлик субъектилеринин ишмердүүлүгүнүн этап-этап менен жандандыруу жана аларды колдоого өзгөчө көңүл буруу керек. Мындан тышкары калкка даректүү социалдык жана гуманитардык жардамдар боюнча ишти улантуу зарыл», - деди Акрам Мадумаров.

Ошондой эле Коопсуздук кеңешинин чечимине ылайык блокпосттордун санын кыскартуу маселеси каралды.

Ыкчам штабдын жыйынынын жыйынтыгы боюнча Коопсуздук кеңешинин жана кронавирус инфекциясынын жайылуусуна каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча республикалык ыкчам штабдын чечимдерин аткаруу боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

Ссылка: https://barometr.kg/zhalal-abadda-blokposttordun-sanyn-kyskartuu-maselesi-karaldy



Добавить комментарий