Өзгөндө зомбулук көрсөтүлгөн кыздын үй-бүлөсүнө психологиялык көмөк көрсөтүлөт

28 июля 2021 16:42 2850 Barometr
Поделиться в:
ok

Өзгөндө зомбулукка кабылган 12 жаштагы кызга жана анын үй-бүлөсүнө психологиялык көмөк көрсөтүлөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма борборунан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.

Аталган маалыматка таянсак, кыздын апасы-үй кожойкеси, атасы Казакстанда мезгилүү эмгек мигрианты болуп иштейт.

“Үй-бүлө аз камсыз болгон үй-бүлө катары жашы жете элек балдарына айына 2 миң 430 сом жөлөк пул алат. Жабырлануучу М.Р мектепте алдыңкы окуган, тартиптүү окуучу экени белгилүү болду. Азыркы учурда иш укук коргоо органдары тарабынан иликтенүүдө. Психолог үй-бүлө менен иштеп жатат”,-деп кабарлашты министрликтен.

Эскерте кетсек, Ош областынын Өзгөн районунда 39 жаштагы тургун 12 жаштагы кызды зордуктап кармалган.

Ссылка: https://barometr.kg/zgnd-zombuluk-krstlgn-kyzdyn-j-blsn-psihologiyalyk-kmk-krstlt



Добавить комментарий