Өзгөндө өз кызын зордуктап, андан уулдуу болгон киши күнөөсүн мойнуна алды

13 апреля 2019 12:35 4043 Barometr
Поделиться в:
ok

Өзгөн районунда жашы жете элек кызына зомбулук кылган эркек күнөөсүн мойнуна алды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактарына Ош областтык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Бул боюнча кылмыш иши Өзгөн райондук сотуна өткөрүлдү

 “Шектүү адамга жашы жете элек кызга зомбулук көрсөтүү боюнча айып тагылды. Ал өз күнөөсүн мойнуна алды, жакын арада иш сотто каралат”,-деп маалымдашты ИИБден.

Эскерте кетсе, Өзгөндө милиция кызматкерлери кош бойлуу өспүрүм кызды өзүнүн атасы зордуктаган фактыны аныкташкан. Кыздын атасы психикалык оору менен жабыркайт. 5-апрелде кыз эркек бала төрөгөн. Бирок нартистеден ал баш тарткан.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/zgnd-z-kyzyn-zorduktap-andan-uulduu-bolgon-kishi-knsn-mojnuna-aldy



Добавить комментарий