Кыргызстандын өзгөчө абал киргизилген аймактарында рейд өткөрүлдү

29 марта 2020 11:35 1239 Barometr
Поделиться в:
ok

28-мартта Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендатурасынын чечими менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн, айыл активдери жана ыктыярчы элдик кошуундар менен биргеликте Сузак районунун аймагында атайын рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу  Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча коменданттын басма сөз кызматы билдирди.

Рейддин алкагында коомдук жайларда негизсиз топтолуп тургандар, көчөлөрдө калктын санынын аздыгынан өз алдынча эркин түрдө автоуналарын каалагандай коюшуп алган – 60 ашуун жаран аныкталып РИИБге жеткирилип, алар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн соң үйлөрүнө жиберилди. Ошондой эле ар кандай жол эрежесин бузган жана тиешелүү документтери жок – 33 автоунаа аныкталып, алардын ичинене – 28 унаа айып короолорго жеткирилип, унаа ээлерине айыптар салынды. Өзгөчө абал киргизилген аймакта коронавирус илдетинин жайылуусун азайтуу жана токтотуу максатындагы алдын алуу жана эл арасында түшүндүрүү иш-чаралары жогорку деңгээлде уюштурулуп, жергиликтүү калкка үн жогорулатуучу аппараттардын жардамы менен тиешелүү

маалыматтар берилди. Белгилей кетүүчү жагдай, Сузак айылындагы дүкөндөрдө күнүмдүк тамак-ашка керектелүүчү азык-түлүктөр кенен, тартышсыз жана элге жеткиликтүү түрдө сатылып жатат.



Ссылка: https://barometr.kg/zgch-abal-kirgizilgen-ajmakta-rejd-tkrld



Добавить комментарий