Зеленский Жээнбековду жана өлкө элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

31 августа 2019 19:42 5682 Barometr
Поделиться в:
ok

Украина Президенти Владимир Зеленский Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана өлкө элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

«Украина элинин атынан жана өз атымдан Сизди улуттук майрам — Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм. Украина Кыргызстандын бул жылдар ичиндеги ийгиликтерине, ар кыл чөйрөлөрдөгү анын жетишкендиктерине кубанат жана өз ара пайдалуу украин-кыргыз мамилелерин мындан ары карай өнүктүрүүнү колдойт. Эки тараптуу диалогду сапаттык жаңы деңгээлге чыгарууга мүмкүнчүлүк бере турган жана эки мамлекеттин тең жарандарынын бакубатчылыгын арттырууга, ошондой эле биздин элдер ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү тереңдетүүгө өбөлгө болчу конструктивдүү кызматташтыкка үмүт артам», — деп айтылат куттуктоо телеграммада.

Ссылка: https://barometr.kg/zelenskij-zheenbekovdu-zhana-lk-elin-egemendlk-kn-menen-kuttuktady



Добавить комментарий