Өзбекстан өздөрүнүн коронавируска каршы вакцинасын чыгарат
Өзбекстанда коронавируска каршы вакцина өндүрүү жылдын аягына чейин пландаштырылууда. Бул тууралуу Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлигинин сайтына жазылган маалыматка шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.
Мындай билдирүүнү, өлкөнүн фармацевтика тармагын өнүктүрүү агенттигинин башчысы Сардор Кариев билдирди.
Маалым болгондой, азыр, Өзбекстан жаңы өндүрүштүк комплекстин долбоорун иштеп чыгууда. Ал эми, илимий институттар коронавируска каршы өзүлөрүнүн вакцинасын жаратуунун үстүндө иштеп жатышат.
"Жыл аягына чейин биздин өндүрүштүк аянтча даяр болот. Мындан тышкары, Инновациялык өнүгүү министрлиги жана биздин илимпоздор жергиликтүү жаңы вакцинаны иштеп чыгууда", - деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, Өзбекстанда массалык эмдөө 1-апрелде башталган.
Ссылка: https://barometr.kg/zbekstan-zdrnn-koronaviruska-karshy-vakcinasyn-chygarat
Добавить комментарий ×