Өзбек-казак чек арасында жүздөгөн жүк унаалары кармалууда

12 марта 2019 09:43 2410 Barometr
Поделиться в:
ok

Март айынын башынан бери жүздөгөн жүк унаалары Казакстандан Өзбекстандын аймагына өтө албай кармалып турат. Бул тууралуу CA-NEWS (UZ) булагы кабарлады.

Жүк унааларынын айдоочуларынын айтымында, Өзбекстандын аймагына Россиядан азык-түлүк жүктөп келген фуралар гана кое берилүүдө.

Ошол эле маалда Өзбекстандын Мамлекеттик бажы комитети жүк унааларынын аталган өлкөнүн аймагына киришинде эч кандай көйгөй жок экенин маалымдады. Казакстан тарап “Өзбекстандын чек арасында фуралардын топтолуп калышы техникалык себептерге байланыштуу”,- деп билдирди.

11-марта карай «Казыгурт» өткөрүү пунктунда 300дөй жүк унаасы топтолду.

Ссылка: https://barometr.kg/zbek-kazak-chek-arasynda-zhzdgn-zhk-unaalary-karmaluuda



Добавить комментарий