Зафарбек Камилов тажикстандык мушкерге жеңилип калды

14 августа 2023 10:26 1987 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандык мушкер Зафарбек Камилов тажикстандык боксчуга жеңилип калды. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, Зафарбек Камилов Беларустун Витебск шаарында өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн оюндарында күмүш медаль тагынды. 

Ал 48 килограммга чейинки салмакта күч сынашты.

Зафарбек Камилов чейрек финалда  азербайжандык, ал эми жарым финалда белорусиялык мушкерди жеңди.

Финалда ал Тажикстандык мушкер менен таймашып, каршылашына тилкке каршы жеңилип калды.

Ссылка: https://barometr.kg/zafarbek-kamilov-tazhikstandyk-mushkerge-zheilip-kaldy



Добавить комментарий