Өз мөөнөтүндө төлөнбөй калган насыялар 4,7 миллиард сомго жетти

9 августа 2021 16:53 1216 Barometr
Поделиться в:
ok

2021-жылдын июнь айынын жыйынтыгы менен Кыргызстандын банк системасында өз мөөнөтүндө төлөнбөй калган насыялардын суммасы 4 миллиард 686,9 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук банктан кабарлашканын “Барометр” билдирет.

Жыл башынан бери бул көрсөткүч 871,2 миллион сомго көбөйгөн. 2020-жылдын июнь айынын жыйынтыгы менен 714 миллион сомго же 18 пайызга жогорулаган.

Коммерциялык банктардын жалпы насыя көлөмү 173,5 миллиард сом болду.

Улуттук банктын классификациясына ылайык, төлөө мөөнөтү өтүп кеткен насыя деп 30 күндөн ашык убакыт төлөнбөгөн кредит эсептелет.

 

Ссылка: https://barometr.kg/z-mntnd-tlnbj-kalgan-nasyyalar-47-milliard-somgo-zhetti



Добавить комментарий