Ысык-Көлдөгү туристик сезонго байланыштуу жол коопсуздугу катуу көзөмөлгө алынды
Жайкы туристтик мезгил башталгандыгына байланыштуу, облустун аймагында автоунаалардын саны кескин түрдө көбөйүп, бул учурда жол кыймылынын коопсуздугун натыйжалуу камсыз кылуу иштери талап кылынууда. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ИИБы боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди.
Ысык-Көл облустук ИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн курамы тарабынан жалпы жол кырсыктарынын санын жана анын оор кесепеттерин алдын алуу жана кыскартуу, унаа каражаттарынын айдоочулары тарабынан жол кыймылынын эрежелерин бузуу учурларынын санын азайтуу максатында, жол кыймылынын коопсуздугу багытындагы профилактикалык мүнөздөгү “Ылдамдык”-“Руль башкаруу” (Скорость-За рулем) аталыштагы рейддик иш-чаралар өткөрүлүүдө.
Аймакта катталган жол кырсыктарына терең талдоолор жүргүзүлүп, талдоонун жыйынтыгы көрсөткөндөй жол кырсыктарынын көпчүлүк бөлүгү кечки жана түнкү учурларда болуп жаткандыгын эске алып, кызмат өтөөдө түнкү учурларга басым коюулуп күчөтүлгөн тартипте өтүүдө. Азыркы кырдаалга жараша жол тескөөчүлөр айдоочулар менен жүргүнчүлөр арасында коронавирус илдетинин жайылып кетишине жол бербөө максатында санитардык нормаларды жана жеке коопсуздукту сактоо боюнча сунуштарын берип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-kld-zhol-koopsuzduk-kyzmatkerleri-rejd-ishterin-tkrshd
Добавить комментарий ×