Ысык-Көлдө тез жардам кызматы кабылган кырсыктан 5 адам жабыркаган

25 августа 2018 14:30 2118 Barometr
Поделиться в:
ok

Кечээ, 24-августта Ысык-Көлдө Тез жардам унаасы кырсыкка кабылган. Кырсыктан  5 адам жабыркаганы белгилүү болду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.   

Маалым болгондой, кырсык  кечээ Бостери айылында катталган. Тез жардам унаасын аркасынан минивэн келип сүзгөн. Натыйжада, Тез жардам унаасындагы бейтап, эки медициналык кызматкер, айдоочу жана минивэндин айдоочусу ар кандай жарааттарды алышып, Чолпон-Ата шаарындагы ооруканага жеткирилди.  Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-kld-tez-zhardam-kyzmaty-kabylgan-kyrsyktan-5-adam-zhabyrkagan



Добавить комментарий