Ысык-Көлдө кийим саткан базардан өрт чыкты

2 июля 2022 11:39 1044 Barometr
Поделиться в:
ok

Ысык-Көлдө кийим-кечек саткан базардан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Маалым болгондой, өрт кырсыгы бүгүн, 2-июль күнү саат 07:10 чамасында болду.

"Каракол шаарындагы "Актилек +" базарында контейнер күйүп жатканы тууралуу 101 өрт-куткаруу кызматына кабарланган.

Кырсык катталган жерге Каракол шаардык N15 Өрткө-каршы куткаруу бөлүмүнөн 3 бөлүм  тартылды. Өрт саат 7:55те чектөөгө алынып, азыркы учурда жеринде  өчүрүү иштери жүрүүдө.

Маалыматка ылайык, тилсиз жоодон жабыркагандар жок. Ал эми,  контейнердин ичинде кийим-кече товарлары болгон. Азыркы тапта өрттүн келип чыгуу себеби жана чыгымдар такталууда. Толук маалымат тактоо иштеринин жыйынтыгы менен берилет", -деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-kld-kijim-satkan-bazardan-rt-chykty



Добавить комментарий