Ысык-Көлдө эки киши диний-экстремисттик агымдан чыкты

15 июня 2021 16:42 1134 Айпери Эшенкулова
Поделиться в:
ok


Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Богатыровка айылынын 49 жана 46 жаштагы эки тургуну “Йакын инкар” диний-экстремисттик агымынын катарынан чыкты. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициянын басма сөз кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) алар мындай кадамга түшүндүрүү иштеринин негизинде өз эрки менен барганын билдирди. Ага ылайык, бул жарандар 2013-жылы агым тууралуу түшүнүктөрү жок эле “Йакын инкардын” катарына кошулганын айтышкан.

Эске сала кетсек, “Йакын инкар” диний агымы — «Таблиги жамаат» уюмунун ичинен бөлүнүп чыккан өзүнчө топ. Анын мүчөлөрү өздөрүн «пайгамбардын жолун жолдоочуларбыз» деп эсептешет. 

Бул диний агым Кыргызстанда 2017-жылы экстремисттик деп табылган.


Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-kld-eki-kishi-dinij-ekstremisttik-agymdan-chykty



Добавить комментарий