Ысык-Көлдө үй карантин шарттарын бузган үч адам обсервацияга алынды

27 мая 2020 13:29 2007 Barometr
Поделиться в:
ok

Ысык-Көл облусунда үй карантиндин эрежелерин бузгандыгы үчүн үч адам обсервацияга алынды. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.

Ага ылайык, обсервацияга алынган 1994-жылы туулган жаран Соль-Илецктен келип, 19-майда үй карантинге алынган. Бирок 22-24-майда үй карантин шартын бузуп, Түп айылында бир нече жерге барган. 

Ал эми 1993-ж.т. Москвадан келген жаран 22-майда үй карантинге алынган. 24-26-майда Жаңы-Арык айылын кыдырып жүргөн. Үчүнчү 1995-жылы туулган жаран Санкт-Петербургдан келип, 18-майда үй карантинге алынган. 25-26-майда Дархан, Саруу, Кызыл-Суу айылдарына жана Каракол шаарына барып келген.

Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-kld-ch-adam-observaciyaga-alyndy



Добавить комментарий