Ысык-Көл районунун акими кызматтан кетти
Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев өз ыктыяры менен кызматынан кетти. Бул тууралуу анын социалдык тармактагы баракчасына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
“Мен бүгүн өз каалоом менен Ысык-Көл районунун администрациясынын башчысы- акими кызматынан кетүүнү чечтим. Жергиликтүү кеңештин тандоосу менен мындан төрт жыл мурда ушул кызматка келген элем. Төрт жыл аралыгында колумдан келишинче элге кызмат кылууга аракет кылдым. Башка өлкөлөрдүн катарында Кыргызстаныбызды да каптаган коронавирус менен күрөшүү оңойго турган жок. Бир тарабынан жергиликтүү тургундардын ден соолугу, экинчи жагынан эс алуучулардын саламаттыгынын жоопкерчилиги турду. Тилекке каршы районубузда да жоготуулар болду. Бирок, ошого карабай медиктердин, шаар, айыл жаштарынын, ыктыярчылардын, колдоочулардын күжүрмөн эмгеги менен абалды турукташтырууга жетиштик”, - деп жазган Иманалиев.
Кызматтан кетүү себебин Иманалиев ачыктаган жок.
Белгилей кетсек, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү алмашып, ал кызматка 27-июлда Балбак Түлөбаев дайындалган.
Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-kl-rajonunun-akimi-danir-imanaliev-kyzmatynan-ketti
Добавить комментарий ×