Түлөбаев өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү болуп дайындалды
Поделиться в:
Балбак Түлөбаев өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматына шилтеме берип «Барометр» билдирет.
"Түлөбаев Балбак Зарлыкович КРнын өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды", - деп айтылат маалыматта.
Тиешелүү буйрукка премьер-министр Кубатбек Боронов кол койду.
Белгилей кетсек, Түлөбаев буга чейин Бишкек шаардык мэриясынын аппарат башчысы болуп эмгектенип келген.
Ссылка: https://barometr.kg/tlbaev-kmttn-ysyk-kl-oblusundagy-kl-bolup-dajyndaldy
Добавить комментарий ×