Ысык-Көл облусунда быйылкы сезондо ишкерлер бир топ жоготууга дуушар болду

2 сентября 2020 17:05 1928 Barometr
Поделиться в:
ok

Ысык-Көл облусунда сезон учурунда эс алуучулардын жоктугунан 220 объект иштеген жок. Бул тууралуу 2-сентябрда онлайн брифингде өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Элчибек Жантаев билдирген маалыматка таянып “Барометр” билдирет.

"2020-жылдын жайкы туристтик мезгилди ийгиликтүү өткөрүү жана экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруу алкагында өкмөттүн 2020-жылдын 1-июнунан баштап туризм секторуна иштөөгө уруксат берилген. Бирок июнь айында эс алуучулардын жоктугунан айрым эс алуу жайлар туристтик мезгилде иштөөдөн баш тартууга мажбур болушкан. Облуста 533 эс алуу объектиси бар болсо, 1-июлга карата 313 объект ишке кирип, 220 объект ишке кирген жок”, - деди Жантаев.

Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-kl-oblusunda-byjylky-sezondo-ishkerler-bir-top-zhogotuuga-uchurady



Добавить комментарий