Ысык-Көл облусуна кирүү эрежелери өзгөрдү

10 июня 2020 09:42 1022 Barometr
Поделиться в:
ok

Ысык-Көл облусуна кирүү эрежелери  өзгөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин кыргыз берметине кирээр алдында ар бир жаран паспорттук каттоого алынып, денет табы өлчөнүп турган.

1-июндан тарта эс алуу, ден соолукту чыңдоо  жайларынын иштөөсүнө уруксат берилгенине байланыштуу, мындан ары санитардык-карантиндик посттон кооптуу райондон же чет өлкөдөн келген жарандар гана каттоодон өтө.

"Эс алууга келген жарандар пансионат, мейманкана, боз үйлөр шаарчасы жана башка өзү жайгашкан жерге каттоого турушу керек. Бул эреже Ысык-Көл облусунун тургундарына да тиешелүү", — деп айтылат маалыматта.




Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-kl-oblusuna-kir-erezheleri-zgrd



Добавить комментарий