Аксыда селден жоголгон баланы издөө иштери бүгүн да уланууда

16 июля 2021 10:32 1017 Barometr
Поделиться в:
ok

Жалал-Абад областынын Аксы районунда сел агызып кеткен 5 жаштагы баланы издөө иштери уланып жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматан шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.

Эскерте кетсек, 12-июль күнү саат 18:00 чамасында катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Жаңы-Жол  айыл аймагындагы Жаңы-Жол айылында 2 турак үйдүн короосун жана жайлоого баруучу ички чарбалык жолду сел каптап, көпүрөлөрдү агызып кеткен. Жалпысынан 8 адамды сел агызып кетип, анын ичинен 6 адам табылган.

14-июль күнү саат 10:30 да Ак-Жол айыл аймагынын Жолборсту айылында сел агызып кеткен 2018-жылы туулган кыздын жансыз денеси жергиликтүү тургундар тарабынан табылды.

Бүгүн 2016-жылы туулган К.А. аттуу баланы издөө иштери уланат.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/aksyda-selden-zhogolgon-balany-izd-ishteri-bgn-da-ulanuuda



Добавить комментарий