“Ысык-Көл Аврора” санаторийи президенттин иш башкармалыгына өткөрүлдү

9 августа 2021 17:59 1130 Barometr
Поделиться в:
ok

Министрлер кабинетин башчысы Улукбек Марипов 2021-жылдын 30-июлда кол койгон № 96 токтомунун негизинде “Ысык-Көл Аврора” санаторийи Президенттин иш башкармалыгына өткөрүлдү. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашканын “Барометр” билдирет.

Аталган токтомдун негизинде Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна “Ысык-Көл Аврора санаторийи” мамлекеттик ишканасын Президенттин иш башкармалыгына өткөрүп берүү жана аны Президенттин иш башкармалыган караштуу “Ысык-Көл Аврора санаторийи” мамлекеттик ишканасы деп атын өзгөртүү тапшырмасы берилди. Буга чейин санаторий Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна караштуу болгон.

Мындан тышкары министрлер кабинети Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна «Гознак» жоопкерчилиги чектелген коомунун 65 пайыздык мамлекеттик үлүшүн КРнын Президентинин иш башкармалыгына караштуу «Типография» ишканасына өткөрүп берүүнү тапшырды.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-kl-avrora-sanatoriji-prezidenttin-ish-bashkarmalygyna-tkrld



Добавить комментарий