Ырчы Юлия Началованын өлүмү тууралуу жаңы маалыматтар чыкты
Орусиялык ырчы Юлия Началованын каза болгонуна эртең, 24-апрелде 40 күн болот. Ырчынын көз жумганы анын сахналаш досторун жана дүйнөнүн булуң-бурчундагы күйөрмандарын катуу кайгыга салган. Анын достору бир жыл мурда Юлия көзү ачыктарга барганын жана ал жакын арада жашоосу аягына чыгаарын айтканын билдиришүүдө. Ал эми сүрөтчү Никас Сафронов:
“Менин оюмча Началованы эч кандай ооруу же болбосо жамандыктын айынан каза болгон жок. Ал ошол көзү ачыкка баргандан кийин анын айткан сөздөрунө ишенип алган. Ошону дайыма ойлоно берген. Адам жамандыкка ишенип алып аны ойлоно бергени абдан жаман абал, ал адамды оорууга алып келет. Чындап эле ал ооруган болушу мүмкүн, бирок балким бул чын? деген суроо адамды ичинен жеп коёт. Юлия да кичинекей эле болгон маселелерди ошол көзү ачыктын сөздөрү менен байланыштыра берген. Эң жаманы ошол”,-деп журналисттерге берген интервьюсунда айткан.
Эске салсак, 16-мартта Юлия Началова 38 жашында каны бузулгандыктан жана жүрөгүнүн талмасы кармаганынан көз жумган. Достору жана жакын санаалаштары ырчыны 21-март күнү жерге беришкен.
Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-yuliya-nachalovanyn-lm-tuuraluu-zhay-maalymattar-chykty
Добавить комментарий ×