Кыргызстандык Анара Мурзакулова Россиянын шоусунан 1 млн рубль утуп алды
Поделиться в:
Россиянын «Пятница» каналындагы «Кондитер» шоусунун бешинчи сезонунун жеңүүчүсү кыргызстандык Анара Мурзакулова болду. Бул тууралуу аталган каналга шилтеме кылуу менен “Барометр” маалымдайт.
Сыйлык катары ал 1 миллион рубль алды.
Финалда россиялык Анастасия Чернова, Катарина Аверин, Виктория Булышевалар менен ат салышты.
Съемка иштери 2021-жылдын жазында болгон. Суперфиналды кечээ, 19-октябрда көрсөтүштү.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyk-anara-murzakulova-rossiyanyn-shousunan-1-mln-rubl-utup-aldy
Добавить комментарий ×