Ырчы Нурчолпон: Аскердик унаада бара жатып, кырсыкка кабылдык, бир адам каза болду

30 марта 2021 10:52 14313 Barometr
Поделиться в:
ok

Аскердик унаа менен концертке бара жатып, оодарылып кеткен Куралдуу күчтөрдүн кызматкерлери менен кошо ырчы Нурчолпон дагы болгон. Ал Коргоо министрлигинин оркестри менен Баткенге бара жаткан. Нурчолпон кырсыктаган кызматкерлерге убагында жардам көрсөтүлбөй калганын айтты. Бул тууралуу ырчы кыздын соцтармактагы баракчасындагы маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Анын айтымында, Бишкек-Ош унаа жолундагы кырсыктан, Куралдуу күчтөрдүн оркестри менен бара жаткан ырчы айым каза болгон.

“Биз күндүзгү 12:00дор чамасында Токтогул жака бара жатканда кырсыкка кабылып калдык. Арабыздан бир адам каза болуп калды. Бирок, эң өкүнүчтүүсү, бизди Кара-Балтанын ооруканасына алып келип таштап коюушту. Биз оорукананын коридорунда олтурабыз. Атайын унаа келе жатат деп коюуп жок. Бизди Улуттук госпиталга алып барып, жаткырышы керек эле да.

Анан да кызыгы, бизди алып келе жаткан тез жардам кызматкерлери жарым жолдон чай ичип алалы деп токтоп алышты. Биз силерди күттүк, ачка болдук дейт. Анда биз тез жардам кызматкерлери чай ичип олтура берсин, биз такси менен кетебиз десек, унаанын эшигин жаап коюуп бизди чыгарбай кыйнашты”, - деп айтты ырчы.

Эске сала кетсек, 29-мартта Бишкек-Ош унаа жолунун 159-чакырымында "Камаз-Вахтовка" үлгүсүндөгү унаа оодарылып кетип 40 жаштагы аял каза болуп, 5 адам жаракат алганын жазганбыз.

Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-nurcholpon-askerdik-unaa-menen-bara-zhatyp-kyrykka-kabylyp-kaldyk-arabyzdan-bir-adam-kaza-boldu



Добавить комментарий