Гульнара Кахарова: Мектептер ачылса болот эле. Көп балалуу үй-бүлөлөргө кыйын болуп кетти
Ырчы Гулнара Кахарова мектептер ачылбаса көп балалуу үй-бүлөлөр кыйналып жатканын айтты. Бул тууралуу анын соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка таянып “Барометр” билдирет.
“Мектептер ишин баштаса болот эле. Айрыкча көп балалуу үй-бүлөлөргө кыйын болот экен. Ар бир балаң, ар бөлмөнү ээлеп сабак окуганда, жолтоо болбоюн деп, ашканада өмүр өтүп, толуп да кеттим! Окуп эле атасыңар, иши кылып жыйынтыгы болсо экен.
Балдар үйдөн чыкпай калса, бооруң ооруп, урушпай да калат экенсиң, баарына макул болуп”, - деп жазды ырчы айым.
Эскерте кетсек, Гульнара Кахарова кыргыз шоу дүйнөсүндө жалгыз баатыр эне. Ырчы айым жети баланы тарбиялап, өстүрүүдө.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарындагы мектептер жаңы жылдан баштап ачылышы мүмкүн экенин бүгүн, 1-декабрда Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Кубан Кундашев брифингде билдирген.
Добавить комментарий ×