Ырчы Гүлнара Кахарова: "Мен сени балдарым үчүн сүйөм!"
Ырчы Гүлнара Кахарова кыргыз эстрадасындагы булбул үндүү ырчылардын бири. Жашоонун өтүп жатканына таң калган ырчы өмүргө ыраазычылыгын билдирип келет. Бул жолу Кахарова инстаграм баракчасына мурунку түшкөн сүрөттөрүнүн бирин жүктөп:
"Быйылкы сүрөтүң былтыркыга, былтыркы сүрөтүң андан мурункуга окшобой кете берет экен! Ошондуктан ушул учурдун бактысын кармап, сезип, ыраазы болуп жашайлы. Мен сени балдарым үчүн сүйөм өмүр!", -деп пост жазып чыкты.
Ырчынын катталуучулары жана күйөрмандары "сулуулугуңузга, талантыңызга таазим" дешип жакшы калоо-тилектерин жазып калтырышты.
Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-glnara-kaharova-men-seni-baldarym-chn-sjm
Добавить комментарий ×