Ырчы Фегри жолдошу менен 8 жылдык никеден кийин ажырашууга арыз жазды
Америкалык белгилүү ырчы Фегри менен актёр Джош Дюамель эки жыл эки бөлөк жашагандан кийин ажырашуу чечимин кабыл алышты. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Ферги жолдошу менен 5 жыл бою кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп кийин 2009-жылы баш кошушкан. Алар жалпы 8 жыл бирге жашап жүргөнунө карабай 2017-жылы мамилелерин токтотушкан. Жубайлардын ортосунда Эксл Джек аттуу бир баласы бар.
Бирок ырчы Фегри үстүбүздөгү жылдын 31-майында Калифорнияда ажырашуу үчүн арыз жазды.
Ал арызында:
"Чоң сүйүү жана урматтоо менен ушул жылдын башында ажырашуу чечимин кабыл алганбыз", -деп билдирген.
Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-fegri-zholdoshu-menen-8-zhyldyk-nikeden-kijin-azhyrashuuga-aryz-zhazdy
Добавить комментарий ×