Кыргызстандын жаранына Япониядагы кемеден коронавирус жукту
Кыргызстандын жаранына Япониядагы Diamond Princess кемесинен коронавирус жукту. Бул тууралуу Diamond Princess сайты Япониянын Саламаттык сактоо министрлигине таянуу менен билдирди.
Ага ылайык, кеменин ичиндеги 67 кишиге дагы коронавирус жукканы аныкталган.
Япониянын Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы маалыматы боюнча вирус жуккан чет элдик жарандардын тизмеси төмөнкүдөй:
Австралия – 5, Канада – 3, Кытай – 3, Германия – 2, Гонконг – 1, Кыргызстан – 1, Индия – 2, Япония – 27, Филиппиндер – 17, Тайвань – 1, Америка Кошмо Штаттары – 5.
Эске салсак, 4-февралда Diamond Princess кемеси Япониянын Йокогама шаарындагы портко келгенде 80 жаштагы жүргүнчүдөн короновирус табылып, 3,7 миң киши карантинге алынып, жерге түшүрүлгөн эмес. Кеменин ичинде 56 мамлекеттин жарандары бар.
Азырынча коронавирус 100дөн ашык кишиден табылган.
Япониянын саламаттык сактоо министринин айтымында, 21-февралда дени сак жүргүнчүлөр кемеден түшүрүлөт. Учурда бардык жүргүнчүлөрдөн коронавируска карата анализдер алынды.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyn-zharanyna-yaponiyadagy-kruiz-lajnerden-koronavirus-zhuktu
Добавить комментарий ×