Японияда жер планетасынын эң көп жашаган тургуну каза болду

25 февраля 2020 09:19 687 Barometr
Поделиться в:
ok

Жер шарында учурда эң узак жашаган япониялык Ватанабэ Титецу 112 жаш курагында 23-февралда каза болду. Бул тууралуу Киодо маалымат агенттиги билдирди.

Ал Ниигата префектурасындагы карылар үйүндө көз жумган. Титэцу 12-февралда Жер шарында эң узак жашаган киши катары Гиннесстин рекорддор китебине кирген болчу. 

Ватанабэ 1907-жылы 5-мартта Ниигата префектурасындагы Дзёэцу шаарында туулган. Ал айыл чарба училищесин аяктагандан кийин Тайванда шекер чыгарган компанияга иштегени кеткен. 18 жашында ал өмүрлүк жарын таап, беш балалуу болушкан.

112 жаштагы карыя экинчи дүйнөлүк согушта Тынч океандагы аскерий салгылаштарга катышкан. Согуштан аман-эсен келген Ватанабэ мекенине кайткан. Алар аялы менен согуштан кийин каптаган ачарчылыкка карабай беш баласын чоңойтушкан.

Ал 1974-жылы пенсияга чыккан. Уулу менен чогуу шаардын четине үй салып, бакча негиздеген. Ал жакка картошка, помидор, кулпунай жана кара өрүк айдашат.

Ссылка: https://barometr.kg/yaponiyada-zher-planetasynyn-e-kp-zhashagan-turgunu-kaza-boldu



Добавить комментарий