112 жаштын тамагын ичкен адам узак жашоосунун сырын ачты

14 февраля 2020 11:46 670 Расул Мурат
Поделиться в:
ok

Япониянын тургуну Титэцу Ватанабэ эркектер арасында учурда дүйнөдөгү эң узак жашаган киши деп таанылды. Бул тууралуу Гиннесс рекорддор китебинин сайтында маалымдалды.

Ага ылайык, Ватанабэ учурда 112 жашка чыгып, 344 күн жашады.

Ал журналисттерге берген маегинде узак жашоосунун сырын ачты, көрсө ал дайыма жылмайып жүрөт, андан сырткары эч качан ачууга алдырып жинденбейт.

Ватанабэ 1907-жылы 5-мартта Ниигата префектурасындагы Дзёэцу шаарында туулган. Ал айыл чарба училищесин аяктагандан кийин Тайванда шекер чыгарган компанияга иштегени кеткен. 18 жашында ал өмүрлүк жарын таап, беш балалуу болушкан.

112 жаштагы карыя экинчи дүйнөлүк согушта Тынч океандагы аскерий салгылаштарга катышкан. Согуштан аман-эсен келген Ватанабэ мекенине кайткан. Алар аялы менен согуштан кийин каптаган ачарчылыкка карабай беш баласын чоңойтушкан.

Ал 1974-жылы пенсияга чыккан. Уулу менен чогуу шаардын четине үй салып, бакча негиздеген. Ал жакка картошка, помидор, кулпунай жана кара өрүк айдашат.

Учурда Ватанабэ карылар үйүндө жашайт, алы-күчү кайтып калгандыктан көп деле кыймылдай албайт. Былтыр жай айларына чейин анын ден соолугу туруктуу болгондуктан таң эрте дене тарбия көнүгүүлөрүн жасап, каллиграфия жана оригами менен алектенчү. Ошондой эле айрым математикалык көнүгүүлөрдү чыгарчы.

Ал эми эркектер арасында эң узак жашаган деп япониянын башка тургуну Дзироэмон Кимура эсептелет, ал 116 жаш 54 күн жашаган.

Жер шарындагы эң узак жашаган адам катары франциялык Жанна Кальман эсептелет. Ал 1997-жылы 122 жашында дүйнөдөн кайткан.

Ссылка: https://barometr.kg/112-zhashtyn-tamagyn-ichken-adam-uzak-zhashoosunun-syryn-achty



Добавить комментарий