Японияда дүйнөдөгү эң ылдам суперкомпьютер толук иштөөгө чыгарылды

9 марта 2021 13:48 7029 Barometr
Поделиться в:
ok

Япониянын мамлекеттик Илимдер институтунун (Рикен) эсептөө борборунда, дүйнөдөгү эң ылдам суперкомпьютер “Фугакуну” толук кубаттуулук менен ишке киргизүү салтанаты болду. Бул тууралуу Kyodo агенттиигине шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.

Алгач, суперкомпьютерди толук жумушчу циклга апрель айында киргизүү пландаштырылган. Бирок, процессти тездетүү чечими кабыл алынып, анын ичинде коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу шашылыш изилдөөлөрдү жүргүзүү зарылдыгы келип чыккан.

“Фугако” жарым-жартылай 2020-жылдын апрель айында ишке киргизилген. Июнь айында ал планетанын эң күчтүү суперкомпьютерлерин аныктаган эл аралык "Топ-500" долбоорунун адистери тарабынан дүйнөдөгү эң ылдам деп таанылган. Ошол эле учурда, бул макам ноябрь айында экинчи жолу тастыкталган.

Суперкомпьютер Fujitsu электр корпорациясы тарабынан Табигый илимдер институтунун адистери менен биргеликте түзүлгөн. Ал секундасына 415 квадриллиондон ашык эсептөө жүргүзө алат.

Эске сала кетсек, 2020-жылдын 28-июлунда, АКШ COVID-19 жөнүндө маалыматтарды талдоо үчүн "АКШдагы эң ылдам суперкомпьютерди, АКШнын Улуттук Лабораториясында жайгашкан Summit компьютерин" колдоно баштаарын жарыялаган.

Ссылка: https://barometr.kg/yaponiyada-djndg-e-yldam-superkompyuter-toluk-ishtg-chygaryldy



Добавить комментарий