Японияда беткапты көп алып кайта саткандар абакка кесилет
Медициналык беткаптарды дүңүнөн сатып алып аны кайта сатып пайда каөрүүнү каалагандар эки жылга кесилип же 9,8 миң доллар айыпка жыгылат. Айрым учурларда абакка дагы кесилип, айып пулду дагы төлөшү ыктымал. Мындай чечим 15-марттан тарта күчүнө кирерин өлкөнүн Экономика, соода-сатык жана өнөр-жай министрлиги билдирди.
Ошол эле маалда Японияда медициналык беткапты өз баасында кайта сатууга уруксат бар. Японияда беткаптарды кайта сатууга тыюу салуу 1973-жылы кабыл алынган мыйзамдын негизинде ишке ашууда. Ал мыйзамда коомдо керектүү болгон товарлардын тартыштыгына жол бербөө керектиги жазылган.
Буга чейин япон өкмөтү интернет аукциондорго беткаптарды кайта сатуу боюнча лотторду уюштурбоону эскерткен. Себеби вирус жайыла баштагандан тарта ал жакта медициналык беткаптарды баштапкы баасынан бир нече эсе кымбат сатылып жаткан.
Акыркы маалыматтар боюнча коронавирустан каза болгондор 4009 кишини түздү.
Ссылка: https://barometr.kg/yaponiyada-betkapty-kp-alyp-kajta-satkandar-abakka-kesilet
Добавить комментарий ×