Коронавирустан өлгөндөрдүн саны төрт миңден ашты

10 марта 2020 09:21 650 Barometr
Поделиться в:
ok

Коронавирус 4009 кишинин өмүрүн алды. Бул тууралуу South China Morning Post басылмасы жазды.

Ага ылайык, оору 112 747 кишиге жуккан. Ошол эле маалда оорудан айыккандардын саны 63 653 кишини түздү.

ЖМКлардын жазышынча эң көп киши Кытайда (3 136) өлгөн, андан кийин Италия (463), Иран (237), Түштүк Корея (54), Испания (28), АКШ (24) жана Франция турат.

Коронавирус 100дөн ашык мамлекетке жайылганы ырасталган.

Ал ортодо Кыргызстанда коронавирустун алдын алуу жана анын жайылып кетишине жол бербөө боюнча республикалык штаб иштеп жатат. Саламаттык сактоо министрлигинин берген маалыматы боюнча коронавирус өлкө аймагында катталган жок.

Ссылка: https://barometr.kg/koronavirustan-lgndrdn-sany-trt-miden-ashty



Добавить комментарий